Түркия түркмөн жарандарына виза режимин киргизди

Түркия менен Түркмөнстандын мамлекеттик туулары.

Түркия Түркмөнстандын жарандарына виза режимин киргизди. Мындай чечимди түрк өкмөтү 13-сентябрда кабыл алып, ага Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койгон.

3-сентябрда Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядан түркмөн жарандары үчүн виза режимин киргизүү өтүнүчүн берген. Мекеме муну “Түркмөнстандын жарандарынын Түркияда жүрүү эрежелерин жакшыртуу” аракети менен түшүндүргөн.

“Хроника Туркменистана” басылмасынын маалыматына караганда, эми түркмөн жарандары үчүн Түркияга виза берүү иши менен Gateway International фирмасы алектенет.

Буга чейин Түркмөнстандын жарандары Түркияга визасыз эле кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышчу. Ушундан улам Түркия түркмөн эмгек мигранттары үчүн иштөөгө ыңгайлуу мамлекеттердин бири болчу.

Түркиянын Миграция кызматынын маалыматы боюнча, 1-сентябрга карата бул өлкөдө Түркмөнстандын 230 миңдей жараны жашап жатат. Бирок мыйзамсыз жүргөндөрдү кошуп эсептегенде алда канча көп экени айтылып жүрөт.

Дагы караңыз

Руслан Бекназаров милицияга сурак берип жатканы кабарландыАзери-армян чек арасындагы кагылышууда Азербайжандын 50 аскери набыт болдуӨзбекстан Украинадагы согушта кармалган өзбектер боюнча Киевге нота жөнөттүБулак-Башы: ок атылган аймактагы жайыт өрттөнүп жатат Чек ара кызматы: Булак-Башыда ок атышуу токтоду, кырдаал чыңалып турат Булак-Башыдагы кырдаал: кыргыз-тажик чек ара башчылары жолугууда Чек арадагы соңку жаңжал: Баткен жана Согд облус башчылары жолугат