Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Руслан Бекназаров милицияга сурак берип жатканы кабарланды


Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

Милициядагы "Азаттыктын" булактары Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан экстремизмге байланыштуу сурак берип жатканын билдиришти. Азырынча Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул маалыматты расмий бышыктай элек.

Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан жана бул кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген. Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

Соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Азимбек Бекназаров өткөн аптада Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулушуна Кумтөргө байланыштуу маеги себеп болгонун билдирген.

Ал иштен алынганы үчүн өлкө жетекчилигине таарынычы жок экенин, алгач элчилик ишине сын айтылган оозеки аныктама кийин аны жумуштан алуу тууралуу расмий жарлыкта көрсөтүлбөгөнүн белгилеген.

Президент Садыр Жапаров Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганы тууралуу жарлыкка кол койгонун президенттин басма сөз кызматы 5-августта билдирип, "Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды" деп маалымдаган.

Жогорку Кеңештин депутаты, Баш прокурор, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматтарын аркалап келген Бекназаров Малайзияга элчи болуп 2019-жылдын декабрында дайындалган.

Быйыл 3-августта анын кыргыз өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишимде утулганы тууралуу пикирин билдирген маеги жарыяланган. Анда ал Кыргызстан канадалык "Центерра Голд" компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө кое албаганын, экологиялык доодон баш тартканын "утулуу" катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG