Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Булак-Башыдагы кырдаал: кыргыз-тажик чек ара башчылары жолугууда


Кыргы-тажик чек арасындагы Булак-Башы аймагында июнь айында дагы атышуу болгон.
Кыргы-тажик чек арасындагы Булак-Башы аймагында июнь айында дагы атышуу болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан менен чек арадагы Булак-Башы аймагында 14-сентябрда саат 11.30га карата кырдаал чыңалып турганын билдирди.

"Окуя болгон жерде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын Согд облусундагы өкүлү Хикматулла Пираков менен жолугушуп жатат. Саат 11.30га карата кыргыз чек арачылары арасында жараат алгандар, жабыркагандар жок. Чек ара кызматы ок атышууну токтотуу жана чыңалган кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык чараларды көрүүдө", -деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салуу тууралуу Согд облусунун башчысы менен сүйлөшкөнүн "Азаттыкка" билдирген.

Чек ара кызматынын билдиришинче, 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, "тажик чек арачылары миномет" колдонгон.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазды.

Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Тажикстан соңку чек ара чатагы тууралуу маалымат бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Чек ара тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз жаңжал чыгып турат.

XS
SM
MD
LG