Балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков. Архив.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков алтын медаль алды.

13-сентябрда ал грек-рим күрөшүнөн 60 кг. салмакта финалдык таймашта болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утту.

12-сентябрда Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кексеметини (8:0), чейрек финалда АКШ балбаны Илдар Хафизовду (4:0), жарым финалда казакстандык Айдос Султангалини 7:0 менен уткан.

Ушуну менен Кыргызстандын балбандары Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында үч медаль алды. 11-сентябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону болгон. 12-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов коло алган.

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында үчүнчү жолу күрөштү. Ал буга чейин эки жолу Дүйнө чемпионатында (2018, 2021-жылдар) күмүш байге алган.

Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-жыл). Азия чемпионатынын бир алтын жана эки күмүш байгесинин ээси. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган (2019-жыл).

Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду (2016-жыл), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында (2017) 2-орунду ээлеген. (BTo)

Дагы караңыз

Акыйкатчы: зомбулукка кабылган аялдар милицияда кодуланат Рим папасы Франциск Казакстанга бардыБритан ханышасынын тажыясына Путин менен Лукашенко чакырылган жокМинистр зордуктоого шектүүлөр Улуттук гвардиянын офицерлери экенин айтты Лавров БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга виза алды