Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Лавров БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга виза алды


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтө турган жыйынына катышуу үчүн АКШга виза алды. ТАСС мамлекеттик агенттиги Лавров менен бирге делегациянын курамында дагы 10 адам бар экенин жазды.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясы 20-сентябрдан 26-сентябрга чейин өтөт. Вашингтон Орусиянын Тышкы иштер министрлигине каршы киргизген санкцияларга байланыштуу Орусиянын делегациясына виза берүү маселеси ушул күнгө чейин бир жаңсыл чечиле элек болчу.

Сентябрдын башында Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя 56 орус дипломаты Башкы ассамблеянын дебаттарына катышууну пландап жатканын билдирген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги делегациянын калган мүчөлөрү да АКШга виза алат деп үмүттөнүп турат.

БУУнун штаб-квартирасы боюнча 1947-жылдагы келишимге ылайык, Кошмо Штаттар чет өлкөлүк дипломаттарга БУУнун иш-чараларына кирүүгө уруксат берүүгө милдеттүү. Бирок Вашингтон коопсуздук, терроризм жана тышкы саясатка байланыштуу виза берүүдөн баш тартууга укуктуу экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG