Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:15

Министр зордуктоого шектүүлөр Улуттук гвардиянын офицерлери экенин айтты


Улуттук гвардия Кыргызстандагы барктуу аскер бөлүгү болуп эсептелет.
Улуттук гвардия Кыргызстандагы барктуу аскер бөлүгү болуп эсептелет.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов 13-сентябрда парламенттин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, зордуктоого шек саналган Улуттук гвардиянын жоокерлери жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, шектүүлөр Улуттук гвардиянын офицерлери болгон.

“Маалымат боюнча алар отурганда кыз өтүп баратып, чагым болгонбу, иш болуп кетиптир”, - деди министр.

Депутат Алишер Эрбаев министрдин эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бергенин сындап, ар бир аскердин жүрүм-турумуна жоопкер экенин эскертти. Шектүүлөр түн ичинде эмне кылып жүргөнүнө кызыкты. Министр менен депутат кайыма айтыша кетти.

Эрбаев Бекболотовду парламентте отурганын эске салды.

“Армияга кайсы жол менен келет? Алар Ош базарда жүрүп келеби? Тандоо, окутууну ким жүргүздү? Коргоо министрлиги жүргүзөт. Ошондуктан сиз бул жерде турасыз, урматтуу генерал. Анан бул жерде туруп алып акыл үйрөтөсүз”, - деди депутат.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту зордуктоого шек саналып кармалган Улуттук гвардиянын эки жоокеринин бөгөт чарасын карап, эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. Кылмышка шектүүлөр Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайында (гауптвахта) 11-ноябрга чейин болушат.

Аскер прокуратурасы эки жоокер кармалганын 12-сентябрда билдирген. Анда 5-сентябрда Б.У аттуу кыз 4-сентябрда түнкү саат 04:30 чамаларында Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер күч колдонуп, машинада зордуктаганын айтып, арыз менен кайрылганы жазылган.

Окуяга байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен кылмыш ишин козголуп, Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн У.А жана А.Т. камалган. Улуттук гвардия – Кыргызстандагы барктуу аскер бөлүгү болуп эсептелет. (TSh)

XS
SM
MD
LG