13-сентябрда Рим папасы Франциск дүйнөлүк диний лидерлердин курултайына катышуу үчүн Казакстанга барды. Аны аэропорттон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алганын “Азаттыктын” казак кызматы жазды.
Рим папасы Франциск Казакстанда үч күн болот. Ал Борбор Азия өлкөсүнө келген экинчи папа болуп калды. 2001-жылы Рим папасы Иоанн Павел II Казакстанга ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен барган.
85 жаштагы Франциск 2013-жылы шайлангандан бери Борбор Азияга бара элек болчу. Ал Орусиянын Украинага кол салышын бир нече жолу айыптап, согушка каршылыгын билдирген.
Рим папасы Франциск буга чейин патриарх Кирилл менен диний лидерлердин саммиттинде жолугууга үмүттөнөрүн билдирген. Бирок өткөн аптада Орус православ чиркөөсүнүн төрагасынын басма сөз катчысы патриарх Кирилл бул иш-чарага катышпай турганын билдирген.
Дагы караңыз
Москва Кытайдагы элчисин алмаштырдыДепутат зомбулуктан улам милиция кызматкерлерин кызматтан алууну сунуштадыБашкы прокуратура “Кумтөрдөн” 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгенин билдирдиКытай Кыргызстан-Өзбекстан аркылуу Ооганстанга товар ташууда Токаев Казакстандын борборун кайра Астана деп өзгөртүүнү колдодуУКМК: мурдагы КВНчи Жуманалиев тил кат менен бошотулдуАкыйкатчы зомбулук боюнча депутаттар жана ИИМдин өкүлүнө каршы пикирин айтты