Бүгүн, 13-сентябрда жүк ташыган эки контейтер Кытайдан Ошко келип, андан ары темир жол аркылуу Ооганстанга жөнөтүлдү. Эки күндөн кийин Кытайдан Ооганстанга багытталган дагы 10 контейнер жүк чыгат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдады.
Өзбекстандын Ташкент шаарында 8-9-сентябрда Кытайдын логистикалык компанияларынын катышуусу менен Кыргызстан, Өзбекстан, Ооганстан темир жол ишканаларынын жетекчилеринин жолугушуусу өткөн. Анда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан жүк ташуу логистикасын өнүктүрүү маселеси талкууланган.
Ооганстандын башына келгенине бир жыл болгон "Талибан" кыймылынын өкмөтүн эл аралык коомчулук тааный элек. (TSh)