12-сентябрда Прагада Чехиянын мурдагы премьер-министри Андрей Бабиштин соту башталды. Ал Евробиримдик берген 2 миллион евро субсидияны кымырып алган деп шек саналууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Андрей Бабиш каражатты Прагага жакын жердеги мейманканасынын конференция өткөрө турган борборун курууга жумшаган.
Саясатчы тагылган айыпты четке кагып, козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт.
Айыптоочу тарап Бабиш чакан бизнеске берилген Евробиримдиктин жардамын алуу үчүн ал мейманканын ээси экенин жашырып койгон деп билдирген. Эгерде сот аны күнөөлүү деп тапса, Бабиш абакка кесилиши мүмкүн. Бирок прокуратура аны шарттуу түрдө кесип, айып пул төлөтүүнү суранууда. Соттун чечими октябрдын ортолорунда чыгат деп күтүлүп жатат.
68 жаштагы Андрей Бабиш - ишкер, миллиардер, химиялык өнөр жай, айыл чарба, тамак-аш өндүргөн жана маалыматтык компаниялардын ээси.
Чех парламентиндеги ANO партиясынын башчысы кылмыш ишинин козголушун өзүн Чехияда келерки жылдын башына белгиленген президенттик шайлоого катыштырбоо аракети деп баалайт.
Ал 2014-2017-жылдары Чехиянын финансы министри болуп, 2017-2021-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган.
Дагы караңыз
Украина Херсондо дагы беш конуш бошотулганын жарыяладыЗулушев коррупциядан казынага 7,5 млрд. сом өндүрүлгөнүн айтты Аба ырайы: күн салкындайтЖапаров ханышанын дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу Британияга көңүл айтты Украинада орус армиясынын катарында согушкан өзбекстандыктар кармалганы кабарландыДепутат ИИМдин Орусиядагы өкүлүнүн отчетун талап кылдыАзербайжанда көз карандысыз журналист камакка алынды