Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

Зулушев коррупциядан казынага 7,5 млрд. сом өндүрүлгөнүн айтты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура жарым жылда коррупцияга байланышкан кылмыш иштеринен казынага 7,5 миллиард сом өндүргөнүн билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Зулушев бул тууралуу аймактарда эл менен жолугушуу учурунда айтты.

“Коррупция менен күрөшүүдө колдон келгенин жасап жатабыз. Тендер, сапатсыз жолдорду салууга катуу көзөмөл болот. Жарым жылда прокуратура 7,5 миллиард өндүрдү. Анын 2,5 миллиарддын нак акчалай өндүрдүк”, - деди Зулушев.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин тушунда мурунку жана азыркы бир топ жетекчилер ар кандай кылмыштарга шектелип кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп абактан чыгып жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-июлда "Саясат" басылмасына берген маегинде “УКМК 1,5 жыл ичинде 8 миллиард сомдон ашык каражатты уурулардан алып, казынага кайтарды” деп билдирген.

Коомчулукта муну “кустуруу” жараяны деп аташып, сындагандар да, колдогондор да бар. Бийлик коррупциядан өндүрүлгөн акча өзүнчө эсепке салынарын жарыялаган.

Азырынча атайын эсепке канча акча түшкөнү жөнүндө маалымат жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG