Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:54

Украина Херсондо дагы беш конуш бошотулганын жарыялады


Украинанын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

“Түштүк” ыкчам командачылыгынын биргелешкен басма сөз борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк Украинанын куралдуу күчтөрү Херсон облусунда дагы беш калктуу конушту Орусиянын аскерлеринен бошотконун билдирди.

Маалымат боюнча, сөз Высокополье, Нововознесенский, Белогорка, Сухой Пруд жана Миролюбовка аймактары тууралуу болуп жатат. Наталья Гуменюктун сөзүнө караганда, акыркы эки жуманын ичинде Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунда 500 чарчы чакырым аймакты орус аскерлеринен бошотту.

“Акыркы эки жумадагы жетишкендиктерибиз жакшы. Биз ар кайсы аймактарда төрт чакырымдан ондогон чакырымга чейин алдыга жылдык”, - деди ал.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында контрчабуул баштаганына эки апта болду. Чыгыш облустар – Донецк, Луганск жана Харьковдо да орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети уланууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский сентябрь айынын башынан бери украин аскерлери болжол менен 2 миң чарчы чакырым аймакты Орусиянын армиясынан бошотконун айткан.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматты жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңден ашык аскери өлдү деп кабарлап жатышат.

Согуш болуп жаткан тапта жоготуулар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG