Баткендин Кадамжай районунун 27 жаштагы тургуну социалдык тармактарда диний экстремисттик жана террористтик үгүт матераилдарын жайылтып жүргөн деген шек менен кармалды.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү Кыргызстанда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Кыргызстанда 20га жакын уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик уюм катары таанылып, алардын ишмердигине тыюу салынган. (TSh)
Дагы караңыз
Мас абалда рулга отургандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталуудаКыргызстанда качкын макамы жок 800дөй чет өлкөлүк жашайтНарында 100 мегаваттык ГЭСтин курулушу башталдыАктивист Адилет Балтабайдын сотунда күбөлөр сурала баштайт