Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Мас абалда рулга отургандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда


Мас абалында, баңгизат колдонуп рулга отурган же жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуларды үч жылга айдоочулук укуктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, мас абалында же баңгизат колдонуп жол кырсыгына себеп болгон учурда күбөлүк 10 жылга алынат. Айдоочу бул эрежени эки жолу кайталаса, автоунаа айдоо укугунан өмүр бою ажыратылат. Мындай чара жол кырсыктарын азайтуу үчүн иштелип чыккан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын маалыматына караганда, 2021-жылы 12 миңден ашуун мас айдоочу кармалган. Алардын эч кимиси айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган эмес. Азыркы мыйзам боюнча мас айдоочуларга 17 миң сом айып салынат.

Айрым депутаттар мындай катаал чараларды колдоп, бирок ал коррупцияга жол ачышы ыктымал экенин белгилешти.

Кыргызстан - бир канча жылдан бери дүйнөдө жол кырсыгынан эң көп жарандары каза тапкан өлкөлөрдүн катарында турат.

2021-жылы өлкөдө беш миңдей жол кырсыгы катталып, набыт болгондор 500дөн ашкан. 2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза тапкан (анын 93ү балдар). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и балдар) көз жумган. (TSh)

XS
SM
MD
LG