Тажикстанда этникалык кыргыздарды окуу жайларга кабыл алуу сынагы өттү

Экзамен тапшырып жаткан этникалык кыргыздар. ТИМ тараткан сүрөт.

Дүйшөмбү шаарындагы Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 2022-2023-окуу жылына этникалык кыргыздарды кабыл алуу сынагы өттү.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

8-сентябрдагы экзаменге Тажикстандын Мургаб, Лахш (Жерге-Тал) райондору жана Согд облусунан абитуриенттер катышты.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылында башка өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларга 75 орун бөлгөн. Анын ичинен Өзбекстан 30, Тажикстан 25, Түркия 10, Казакстан 5, Кытайда жашаган кыргыздарга беш квота бөлүнгөн.

Этникалык кыргыздар Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия мамлекеттерде жашайт. Аларга жылына жогорку окуу жайларга квота берилет. Учурда Кыргызстанда канча этникалык студент бары тууралуу маалымат жок. (TSh)

Дагы караңыз

Активист Адилет Балтабайдын сотунда күбөлөр сурала баштайтЭмгек кодексине аралыктан иштөө жобосу сунушталдыАкжол Махмудов: Кыргыз күрөшүнүн мектебин көрсөттүм (видео)Баткенде чек ара кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлөрү айтылды