Президент Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Жалал-Абад шаары.

Президент Садыр Жапаров 11-12-сентябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, эки күндүк сапардын жүрүшүндө президент аймактагы ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Маалыматта ал кайсы объектилер экени так айтылган эмес.

Ушул күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган бийлик өкүлдөрү аймактарды кыдырып жүрүшөт. Буга чейин алар Ош, Баткен облустарында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөтУкраин армиясы Балаклея шаарын толук көзөмөлгө алганын жарыялады Зеленский украин күчтөрү 2000 чарчы километр аймакты бошотконун билдирдиБалбан Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт