Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:57

Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт


Ош мамлекеттик университети.
Ош мамлекеттик университети.

14-15-сентябрь күндөрү Бишкекте “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” деп аталган ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, форумга дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн келген жогорку окуу жайлардын ректорлору катышат. Алар университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууну, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууну жана технологияларды өнүктүрүү ыкмаларын талкуулашат.

Иш-чараны Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму уюштурууда.

Кыргызстанда 76 жогорку окуу жайы бар. Өкмөттүн маалыматы боюнча, алардын 23ү медициналык жаатта билим берет. Өлкөдөгү окуу жайларда жалпысынан 231 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Быйыл президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилип, айрымдары бириктирилип, кайрадан түзүлгөнү жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG