Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:24

Зеленский украин күчтөрү 2000 чарчы километр аймакты бошотконун билдирди


Балаклея.
Балаклея.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби кечинде жасаган билдирүүсүндө сентябрь айынын башынан бери украин аскерлери болжол менен 2000 чарчы чакырым аймак бошотулганын билдирди.

Зеленскийдин айтымында, чабуул фронттун ар кайсы аймактарында уланууда жана орус армиясы "эмнени эң жакшы билсе, ошону көрсөтүп – далысын салууда". Украин президенти Орусияга кайтып баруудан коркуп, багынып берүүнү чечкендерге украин аскерлери жакшы мамиле кылууга кепилдик берерин айтты.

Зеленскийдин бул билдирүүсү Украина күчтөрүнүн Харьков облусундагы ири ийгиликтери тууралуу кабарларга туш келди. Ал Украинанын армиясы контрчабуулдун натыйжасында Харьковдун түндүк-чыгышындагы Балаклея шаарына толук көзөмөлүн орнотконун ырастады. Купянск шаарынын бошотулганы тууралуу маалыматтар ошол аймактагы украин аскерлери турган сүрөт жана видеолор менен тастылган. Буга чейин орус аскерлери Изюм жана Волчанскиден чыгарылып кеткени кабарланган, бирок алардын Украинанын көзөмөлүнө өткөнү жөнүндө азырынча расмий маалымат жок. Ошондой эле украин аскерлеринин Донецк облусундагы Лиман жана Луганскидеги Лисичанск шаарына чабуулу тууралуу да кабарланды.

Кеп украин аскерлеринин согуш башталгандан берки эң ири чабуулу тууралуу болуп жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги ишемби күнү аскерлер Балаклея жана Изюм районунан Донецк облусуна жибериле турганын билдирген.

Орусияны колдогон Телеграмм каналдар Харьковдун Орусия көзөмөлдөп турган чек арасында автомабилдердин тыгыны пайда болгонун жазышты. Буга чейин окуппацияланган Харьков облусунун администрациясы жарандарды аймактан чыгып кетүүгө чакырган. Орусияны колдогон блогерлер, Кремль менен кызматташкан аткаминерлер жана мугалимдер украин бийлигинин куугунтугуна кабылып калышы мүмкүн деп тынсызданышкан.

Украинанын мамлекеттик иликтөө бюросу ишембиде Купянскиде Орусиянын көзөмөлүндө турган Балаклеянын полициясы кармалганын билдирген. Кеп орусиялык бийлик менен кызматташкан мурдагы полиция кызматкери туурасында болууда.

Орусия Украинаага басып киргенден кийин өлкөнүн эл аралык чөйрөдө таанылган 125 000 чарчы километрге жакын аймагын (аннексияланган Крымды кошкондо) көзөмөлдөп турган.

XS
SM
MD
LG