Президент Жапаров Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Британиянын Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиянын Королу Карл III британ ханышасы Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Бул тууралуу мамелекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Жапаров ханыша Елизавета II ар дайым Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына кызмат кылуунун жана өз элине камкордук көрүүнүн үлгүсү болуп кала берерин белгилеген.

"Улуу даражалуу Королева Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргыз Республикасында терең кайгыруу менен кабыл алынды. Өзүмдүн жана Кыргызстан элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз", - деп жазылат президенттин көңүл айтуу телеграммасында.

8-сентябрда британ ханышасы Елизавета II Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында каза болгон. Мунун алдында Букингем сарайынын басма сөз кызматы британ ханышасынын ден соолугу начарлап, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганын билдирген.

96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета II Британияны 70 жыл башкарып, анын бийлиги учурунда 15 премьер-министр алмашты. Өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти. Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал тактыны 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген. Буга чейинки рекорд анын чоң энелери, тактыда 63 жыл 7 ай отурган ханыша Викторияга таандык. (КЕ)

Дагы караңыз

УКМК баңгизаты бар оогандык жүк кармалганын билдирдиБаткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды АКШ Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн ирандык компанияларга каршы санкция киргиздиЛатвиянын православ чиркөөсү Москвадан бөлүндү