Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Латвиянын православ чиркөөсү Москвадан бөлүндү


Ригадагы православ чиркөөсү.
Ригадагы православ чиркөөсү.

Латвиянын Сейми (парламент) чукул арада өлкөдөгү православ чиркөөсүн Москва патриархатынын Орус православ чиркөөсүнөн бөлгөн мыйзам кабыл алды. Латвия православ чиркөөсүн президент Эгилс Левитс киргизген.

"Көз карандысыз, демократиялуу жана укуктук Латвия өлкөсүндө биздин православдарга өздөрүнүн көз карандысыз чиркөөсү керек", - деген президенттин сөзүн Delfi сайты жазды.

Мурдараак Латвия бийлиги Москва патриархатынын Орусиянын Украинага басып киришин колдоп чыкканын айыптаган. Жакында Левитс Рига Москва патриархатынын чиркөөгө тийгизген таасиринен арылууну каалай турганын айткан.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр Латвия православ чиркөөсүнүн бардык епархияларына жана институттарына толук көз карандысыз жана өз алдынча макамын берет. Мыйзамдык өзгөртүүлөр канондук маселелерди чечпейт.

Латыш православ чиркөөсү 31-октябрга чейин өз уставын мыйзамдын жаңы талаптарына ылайык келтириши керек.

Орус православ чиркөөсү Латвияда кабыл алынган мыйзамды айыптады. Москва патриархаты 1926-жылы Латвия Сейми тарабынан кабыл алынган православдык чиркөөнүн позициясы жөнүндөгү мыйзамдагы өз алдынча башкаруу жана өз тагдырын өзү аныктоо укуктарын эске салды.

Латыш православ чиркөөсү 1992-жылы Орус православ чиркөөсүнүн курамында өзүн-өзү башкаруу статусун алган.

XS
SM
MD
LG