Америкалык үн жазуучу Sony Music Group компаниясы Орусиядан толугу менен чыгып кеткенин билдирди.
Бул тууралуу Billboard журналы жазды. Компаниянын билдирүүсүндө, Украинага карата кыйратуучу гуманитардык таасирдин уланып жатканы жана Москвага каршы санкциялардын күчөшүнөн улам орус рыногунда позициясын сактай албастыгын билдирди.
Sony Music Group орус бөлүмүн кызматкерлери менен бирге жергиликтүү жетекчиликке өткөрүп берет. Компания жергиликтүү артисттер менен гана иштеп, Sony Music Group каталогун колдонуу укугу берилбейт.
Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин көптөгөн өлкөлөр Москвага каршы санкцияларды киргизди. Эл аралык компаниялар өздөрүнүн операцияларын токтотту же жапты. Соңку маалыматка караганда, февраль айынан бери орус рыногунан ишкерликтин ар кайсы тармагынан 1200дөй компания чыгып кеткен.
Дагы караңыз
УКМК баңгизаты бар оогандык жүк кармалганын билдирдиБаткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды АКШ Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн ирандык компанияларга каршы санкция киргиздиЛатвиянын православ чиркөөсү Москвадан бөлүндү