Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлери менен жолугушууда эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Жапаров шериктештиктин ички чек араларынан өтүү эркиндигин камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи.
Эмгек мигранттарына алар жүргөн өлкөнүн калкы менен бирдей укуктарды берүү менен маселени чечсе болоруна ишенимин билдирди.
8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Ага Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана министрлер катышты
Орусияда 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирди. Орусиянын Федералдык миграция кызматы COVID-19 пандемиясына байланыштуу берилген жеңилдик режими соңуна чыгып, 2018-жылы кабыл алынган миграциялык мыйзамдын талаптары күчүнө кире турганын эскерткен. Бул мөөнөт ЕАЭБ уюмундагы Кыргызстан менен Армениянын жарандары үчүн быйыл 3-сентябрда бүтөрү айтылган.
Паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылып жатат. Ушул максатта чек арага барып келаткан кыргызстандыктар 21-августта Ульяновскиде жол кырсыгына кабылып, 14 жаран каза болду. (КЕ)