Аскерлердин өлүмү үчүн министрди кызматтан кетирүү талабы айтылды

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу маселе көтөрүлдү. Жыйында коргоо министри Бактыбек Бекболотовду кызматтан кетирүүнү талабы жаңырды. Эл өкүлү Эмил Токтошев аскерлердин өлүмүнө министр керт башы менен жооп бериши керектигин айтты.

"Өткөндө журналисттерге жооп берип жатып "аскерге даярдыгы жок келип өлүп жатышат" деп айтыптыр. Мен бул жообуна түшүнбөй калдым. Бул тарбиялаганды билбесе, реформа кылбаса жумуштан кетиши керек", - деди Токтошев.

Буга чейин коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, соңку окуяларды "балдардын аскерге даяр эместиги" менен түшүндүргөн жана анын мындай билдирүү аскер башчылардын жоопкерчилиги тууралуу талкуу жараткан.

Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек. Соңку эки айда кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза тапты.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат. (КЕ)

Дагы караңыз

Албания Иран менен дипломатиялык мамилесин үздүОшто сегиз жашар бала кутурмага шектелип ооруканага түштүУкраина Орусиянын Крымдагы базаларына сокку урганын ырастадыВенгрия ЕБден Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну өтүндүӨспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралдыНоокен: алты жашар кызды зордуктоого айыпталган адам өмүр бою кесилди