Кышында электр энергиясы өчүрүлбөй турганы айтылды

Кышында, жылуулук берүү мезгилинде электр энергиясы өчүрүлбөй турганын Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 6-сентябрдагы жыйынында энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 6-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,3 миллиард куб метрди түзгөнүн, бул күз-кыш мезгилине жете турганын айтты. Ал электр энергиясын импорттоо маселеси дагы каралып жатканын кошумчалады.

Өткөн кыш соңку жылдарга салыштырмалуу кыйла оор болду. Токтогул суу сактагычында суу өтө аз топтолгондуктан, Кыргызстан электр энергиясын кошуналардан сатып алууга аргасыз болгон.

Быйыл абал бир аз дурус экени айтылууда. Энергетика министрлиги тобокелге баргысы келбей, электр энергиясын кошуналардан буга чейинкиден да көбүрөөк сатып ала турганын билдирип жатат.

Эксперттер кыштан чыгуу үчүн 16-17 миллиард куб метр суу керек экенин белгилешет. (КЕ)

Дагы караңыз

Ульяновскидеги жол кырсыгында жабыркагандардын бири ооруканадан чыктыКабулдагы жардырууга “ИМ” террордук тобу жоопкерчилик алдыТажикстандагы ооган качкындары Эмомали Рахмонго кайрылдыДин тарыхы мугалимдерин ишке алуу тартиби жөнүндө маалымат берилдиПрезидент Жапаров Кадамжайдагы өспүрүмдүн өлүмү боюнча үн катты