Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:33

Дин тарыхы мугалимдерин ишке алуу тартиби жөнүндө маалымат берилди


Билим берүү жана илим министрлиги мектепте “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын окута турган мугалимдерди жумушка кабыл алуу маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы 6-сентябрда тараткан маалыматта айтылгандай, бул сабакты балдарга окутуу укугу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик (УКМК) комитеттин жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) текшерүүсүнөн өткөн теологдорго жана “Тарых” предметинин мугалимдерине берилери президенттин жырлыгында жазылган.

Бирок, министрлик белгилегендей, теолог адистер арасында "Жумушка албай жатат" деп нааразылыгын билдиргендер болууда.

Алар документ кабыл алуу мөөнөтүнө жетишпей калганын белгилеген мекеме “Алар сабак өтө турган мугалимдер бекитилип, окутуудан өтүп жаткан учурда кайрылышкан. Билим берүү жана илим министрлиги нааразы болгон тараптар менен алдыда иштешүүгө даяр” деп билдирди.

“Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыкка президент Садыр Жапаров быйыл 7-июнда кол койгон.

5-сентябрда Ошто теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү маалымат жыйын өткөрүп, президенттин жарлыгы билим берүү уюмдарында толук аткарылбай жатканын айтышкан жана алардын документин мектептер кабыл албай жатканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG