Херсон аймактык кеңешинин башчысы Александр Самойленко Украинанын куралдуу күчтөрү Высокополье кыштагын Орусиянын аскерлеринен бошотконун ырастады. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды.
“Высокополье айылы – бул жеңилбегендиктин, күрөштүн үлгүсү. Анткени айыл оккупациянын башталышында аягына чейин туруп салгылашты. Ошондуктан бул абдан символикалуу”, - деди Самойленко.
Ал 3-4-сентябрларда украин аскерлери айылга жөнөп кетишкенин, орус аскерлери техникаларын жана курал-жарактарын айылга таштап качышканын айтууда. Жергиликтүү оорукананын имаратына Украинанын желеги орнотулган.
Бир күн мурда Украинанын президенттик аппараттынын жетекчисинин орун басары Кирило Тимошенко Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери Херсон облусунун Берислав районундагы Высокополье айылынын үстүндө Украинанын желегин көтөрүшкөнүн билдирген. Ал бул окуя качан болгонун тактабай сүрөтүн гана жарыялаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 4-сентябрда кечки видео кайрылуусунда Донецк облусунда бир, өлкөнүн түштүгүндө дагы эки конуш Орусиянын аскерлеринен бошотулганын билдирген. Бирок конуштардын атын тактаган эмес.
Орусия болсо Украина таратып жаткан акыркы кабарлар тууралуу комментарий бере элек.
Дагы караңыз
Орусияда журналист Иван Сафронов 22 жылга кесилдиУкраина: ФСБнын базасы жана “референдум” үчүн бюллетендер жок кылындыБазар-Коргондун тургуну кутурмадан каза тапты Түркмөнстан Түркиядан өз жарандарына виза режимин киргизүүнү сурандыТалас: келиндин өлүмүнө байланыштуу жол коопсуздук кызматкерлерине да кылмыш иши козголду Украина Европага электр энергиясын экспорттоону көбөйтүшү мүмкүнЖурналист Темиров сотто өзүнө карата кылмыш иши атайын уюштурулганын билдирди