Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:46

Орусияда журналист Иван Сафронов 22 жылга кесилди


Иван Сафронов. 2021-жыл.
Иван Сафронов. 2021-жыл.

Орусияда журналист Иван Сафронов “мамлекетке чыккынчылык кылган” деп табылып, 22 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилди. Мындай өкүмдү 5-сентябрда Москва шаардык соту чыгарганын “Азаттыктын” орус кызматы жазды. Анын адвокаттары буга чейин кийинки инстанцияга арыз берерин билдиришкен.

Сот өкүмдүн кириш жана корутунду бөлүктөрүн гана окуду. Соттук жараянга ондогон адамдар, анын ичинде Иван Сафроновдун кесиптештери, жакындары жана достору катышты. Судья өкүмдү окугандан кийин алар “Эркиндик!” деп кыйкырышты.

Сот Сафроновду мамлекеттик сырга тиешелүү маалыматтарды НАТО өлкөлөрүнүн чалгындоо кызматкерлерине берген деп тапты. Камакка алынганга чейин ал Роскосмостун жетекчисинин кеңешчиси жана “Коммерсантъ” менен “Ведомости” гезиттеринде кабарчы болуп иштеген. Ал 2020-жылдын июль айында кармалып, Лефортово убактылуу кармоочу жайында эки жылдан ашык убакыт отурду.

Москва шаардык соту Сафроновдун ишин ушул жылдын апрель айында жабык карай баштаган. Соттук отурумдарда айыптоочу тараптын да, жактоочу тараптын да бир нече күбөлөрү суралды. Адвокаттардын айтымында, сотто Сафроновдун күнөөсүн далилдеген бир да факты келтирилген жок.

Тергөө материалдарына ылайык, Чехиянын атайын кызматы Иван Сафроновду 2012-жылы өзүнө азгырып алган. Ага ылайык, журналист 2017-жылы Орусиянын Африка өлкөлөрү менен аскердик-техникалык кызматташтыгы, орусиялык аскерлердин Жакынкы Чыгыштагы аракеттери боюнча маалымат топтоо жөнүндө тапшырма алган жана аларды аткарган.

Сафронов күнөөсүн моюнуна алган эмес жана өзүнүн камалышын журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG