Украиналыктар Чехияда ыраазычылык жөө жүрүшүн өткөрүштү

Прагада жөө жүрүшкө чыккандар.

Жекшемби күнү Прагада жүздөгөн киши украин качкындарына жардам берген чех элине жана Украинаны колдогон Чехиянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, жөө жүрүш уюштурду. Көбүнчө аялдар жана балдар чыккан жүрүштүн катышуучулары көчөдө адамдарга гүл жана колго жасалган сувенирлерди беришти.

24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан бери 424 миңден ашуун украиндер Чехиядан убактылуу виза алды. Чехиянын Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, сентябрда Украинанын 60 миңдин тегерегиндеги мектеп окуучусу чех мектептерине кирди.

Ишемби күнү Праганын борборунда 70 миң адам өкмөткө каршы митингге чыккан. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, митингге 100 миңден кем эмес киши катышкан. Чогулгандар Министрлер кабинетинин отставкага кетишин, өлкөнүн бейтараптыгын жарыялоосун жана арзан газды Орусиядан сатып алуу боюнча келишимдерди түзүүнү талап кылган.

Оңчул жана ашынган солчул күчтөрдүн өкүлдөрү Украинадан качкындарды кабыл алууну чектөөнү, бейтараптуулукту жарыялоону сунуш кылды.

Өкмөт энергиянын кымбаттагыны жана инфляциянын өскөнү үчүн сынга кабылды. Премьер-министр Петр Фиала митингди Чехиянын кызыкчылыгына каршы чыккан орусиячыл уюмдар уюштурганын билдирди.

Евробиримдиктин ичинде Чехия Москвага каршы катаал позицияны жактайт. Прага орус дипломаттарынын көбүн өлкөдөн чыгарып, Орусияга каршы санкцияларды колдоп, орус жарандарына визанын көпчүлүк түрлөрүн берүүнү токтотту жана орусиялык студенттердин университеттерде билим алуусуна чектөө койду.

Дагы караңыз

Тажикстан ооган качкындарын мекенине депортациялоону улантуудаКабулдагы жардырууда Орусиянын элчилигинин эки кызматкери каза болдуОоганстанда жер титирөөдөн кеминде сегиз адам каза болдуКыргызстандык альпинисттер Манаслу чокусуна аттанып жатышатЖурналист Базаркулов өзүн актоо өтүнүчү менен сотко кайрылдыКыргыз-казак чек арасында дагы ири бодо мал аткезчилиги катталды Миграция маселеси: өкмөт өкүлдөрү ЖК комитетине чакырылды