Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:39

Журналист Базаркулов өзүн актоо өтүнүчү менен сотко кайрылды


Куттумидин Базаркулов.
Куттумидин Базаркулов.

Журналист Куттумидин Базаркулов өзүнө тагылган айыпты саясий куугунтук деп эсептеп, актоо өтүнүчү менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылды. Сот бүгүн, 5-сентябрда болот деп билдирди журналист "Азаттыкка".

Жети ай камакта жаткан журналист Куттумидин Базаркулов июнь айында тергөө абагынан бошотулган. Сот аны айыптуу деп таап, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен бошотулганы кабарланган.

Базаркуловду УКМК 2021-жылдын 27-ноябрда үйүнөн кармаган. Журналист “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталган. Тагыраагы, 2015-жылы Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясын башкарып турганда тендер өткөрүүдө эреже бузуп, сапатсыз техникаларды сатып алганы айтылган жана мамлекетке 3 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени маалымдалган.

Базаркулов Жалал-Абад облустук телерадио компаниясын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан. Соңку жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап, интернетте ар кандай темада видео талкууларды уюштуруп жүргөн.

Мартта журналисттин кан басымы көтөрүлүп, тергөө абагына “Тез жардам” чакыртылган. Куттумидин Базаркуловдун жакындары сотто Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети басым жасап жатканын айтып чыккан. Базаркулов өзү абактан кайрылуу жолдоп, бийликтин куугунтугуна кабылганын билдирген. (TB)

XS
SM
MD
LG