Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:16

Тажикстан ооган качкындарын мекенине депортациялоону улантууда


Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын бийлиги ооган качкындарын өз мекенине күч менен депортациялоону улантып жатат. Бул тууралуу 3-сентябрда “Азаттыктын” тажик кызматынын жеке булактары билдирип, акыркы үч күндө ондогон адам “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн өкмөткө өткөрүп берилгенин айтты.

Бул боюнча Кабул дагы, Дүйшөмбү дагы азырынча комментарий бере элек. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча жогорку комиссары тажик бийлигин оогандарды күч менен депортациялоону токтотууга чакырган.

Тажикстанда 10 миңге жакын ооган жараны жашайт. Көпчүлүк ооган качкындары “Талибан” радикалдык кыймылынын куугунтугунан коркуп, Тажикстанга кире качкан.

Оогандыктардын көбү Тажикстанды транзит өлкө катары пайдаланып, андан ары Батыш мамлекеттерине чыгып кетүүнү каалашат. Соңку бир жылда Тажикстанга келген төрт миңдей ооганстандык качкын үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG