Казакстанда токойдогу өрт киши өмүрүн алды

Костанай облусундагы өрттү өчүрүү аракети.

Казакстандын түндүгүндөгү Костанай облусундагы токойдо чыккан өрттөн кеминде бир адам каза болуп, 10 киши жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин 4-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, куткаруучулар Аманкарагай конушундагы өрт чалган турак жайлардын урандыларынын алдынан 86 жаштагы карыянын сөөгүн алып чыгышкан. Министр каза болгон киши коопсуз жайга көчүүдөн баш тартканын белгиледи.

Ильин кошумчалагандай, өрттөн жергиликтүү беш тургун жана куткарууга жардам берип жаткан беш жумушчу жабыркады. Алардын төртөө дале ооруканада жатат.

Костанайда жалпысынан 43 миң гектардан ашык аянтты өрт чалды. Министрлик 3-сентябрда кечке жуук 9400 гектардай аймак дагы деле күйүп жатканын кабарлаган.

Жакынкы конуштардан 1800дөй адам эвакуацияланды. 2-сентябрда башталган өрт 100дөн ашуун турак жайга зыян алып келди. Өрттү өчүрүүгө жүздөгөн өрт өчүрүүчү, ондогон техника жана тик учактар тартылган.

Өрттү өчүрүүгө аба табынын жогору болушу жана катуу шамал тоскоолдук жаратууда.

Дагы караңыз

Чеченстан: Кадыров кызматтан кетүүгө камындыбы?Айланма жолдогу кырсыкта беш адамдын өмүрү кыйылдыЗеленский Киевди колдогону үчүн Борис Жонсонго ыраазычык билдирдиОрусияда эмгек келишимин, миграциялык каттоону талап кылган эреже күчүнө кирдиКомпозиторду өксүткөн жагдайлар