Ош облусунда жер титиреп, күчү 3,5 баллга жетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун билдиришинче, 3-сентябрь күнү кечки саат 22:30га чукул Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жер титирөө Алай районунун Арча-Булак, Талды-Суу, Сары-Могол, айылдарында 3 балл, Сары-Таш жана Кара-Кабак айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Өткөн айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Оштун Чоң-Алай районунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында да катталган.

2008-жылы 5-октябрда Нурада күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. (КЕ)

Дагы караңыз

Путин Украинада каза болгон уюшкан кылмыштуу топтун лидерине орден берди Германия Украинага ички мигранттар үчүн 200 миллион евро бөлүп беретКыргызстандык волейболчулар Азиянын чакырык кубогун уттуМосква СССРдин акыркы президенти Горбачев менен коштошууда