Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:10

Путин Украинада каза болгон уюшкан кылмыштуу топтун лидерине орден берди


Орусиянын президенти Владмир Путин адам өлтүрүү, талап-тоноо, барымта, опузалап акча талап кылуу жана башка кылмыштар үчүн 25 жылга абакка кесилген орусиялык Иван Непаратовду каза болгондон кийин "Эрдик үчүн" медалы менен сыйлады. Непаратов Украинадагы согуш учурунда абакта бошоп, ошол жакта каза болгонун Gulagu.net. жазды.

The Insider басылмасы белгилегендей, 12 жылга кесилген Иван Непаратов "ЧВК Вагнер" менен келишим түзүп, Украинанын чыгышына согушка кеткен.

Анын жаза мөөнөтүн өтөп бүтүшүнө дагы 12 жыл жыл бар болчу. Өлгөндүгү тууралуу маалымкатта анын 5-августта Бахмут районунда башынан алган жараатынан каза болгону жазылган. Маалыматка караганда, ага "жарылуучу заттын сыныгы тийген".

Gulagu.net жана The Insider басылмаларында жарыяланган документтерге ылайык, 16-августта Владимир Путин Непаратовду "атайын аскердик операциянын тапшырмаларын аткарууда көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн" сыйлады.

Маркумга медалдан тышкары "Эрдик үчүн" ордени ыйгарылды, бул орден кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон орусиялык аскер кызматкерлеринин дээрлик бардыгына берилди.

XS
SM
MD
LG