Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Германия Украинага ички мигранттар үчүн 200 миллион евро бөлүп берет


Польшадагы украиналык качкындыр.
Польшадагы украиналык качкындыр.

Германия Украинага өлкөнүн ичинде жер которгондорго жардам берүү үчүн 200 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министри Свенья Шульце билдирди. Анын айтымында, келишимге жекшемби, 4-сентябрда Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Берлинге барган учурда кол коюлат.

Шульце эл аралык колдоо болбосо, Украинанын бийлиги үйлөрүн таштап, өлкөнүн коопсуз аймактарына көчүп кетүүгө аргасыз болгон жарандарга керектүү социалдык жеңилдиктерди бере албайт деп эсептейт. Ал башка өлкөлөрдү Украинага тилектеш болууга жана жардам берүүгө чакырды.

БУУнун маалыматына караганда, Украинада согуштан улам коопсуз аймакка көчүүгө аргасыз болгондордун саны 7 миллиондун тегерегинде. Негизинен алар согуш болуп жаткан чыгыш жана түштүк-чыгыш аймактардан өлкөнүн батыш тарабына көчкөндөр. Алардын дээрлик жарымы кирешесинен ажыраган.

Жалпысынан Орусия Украинага басып кирген февраль айынан бери анын тургундарынын үчтөн бир бөлүгү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. БУУ бул окуяны Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң миграциялык кризис деп баалаган.

XS
SM
MD
LG