Олег Синегубов: орус аскерлери Харьков облусун аткылады

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аскерлери Белгород шаарынан Харьков облусун ракета менен аткылап, эки киши жаракат алды. Бул тууралуу облустун губернатору Олег Синегубов Телеграмм каналына жазды. Анын маалыматына караганда, бир ракета Киев облусундагы билим берүү мекемесинин жанына түшкөн.

“Турак жайлар жана кеңселер жабыркап, өрт чыккан. 81 жана 71 жаштагы эки аял жаракат алды”, — деп жазды Синегубов.

Харьков күн сайын Орусиянын аскерлеринин аткылоосуна кабылууда. Москва көптөгөн далилдерге карабастан, Украинада жайкын тургундарга, жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.

Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Украинадагы адам укуктарын көзөмөлдөө миссиясы 23-августка карата Орусиянын кол салуусунан 5 614 жайкын тургун каза болуп, 7 946 адам жаракат алганын билдирди. Уюм кабарлагандай бул болжолдуу гана маалымат. Курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүн.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Дагы караңыз

Еврошаркетке мүчө өлкөлөр украин аскерлерин чогуу даярдоону макулдашты Кыргызстандын эгемендигине 31 жыл толдуПрезидент чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты БДК Садыр Жапаровдун Кумтөр тууралуу билдирүүсүн сындады Садыр Жапаров: тарыхтын эчен сыноолоруна кабылдык Садыр Жапаров: Кумтөрдү алуу оңой-олтоң болгон жок Мурдагы советтик лидер Михаил Горбачёв көз жумду