Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07

Садыр Жапаров: Кумтөрдү алуу оңой-олтоң болгон жок


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Чуңкурчак жайлоосунда өлкөнүн эгемендигине арналган салтанатта сөз сүйлөп, Кумтөр жагдайына учкай токтолду. Анда кендин Кыргызстанга өтүшүн "чоң жетишкендик" катары сыпаттады.

"Кумтөр алтын кени Кыргызстандын ээлигине толук кайтарылды. Буга жетүү оңой-олтоң болгон жок, сүйлөшүүлөр абдан оор жүрдү. Биздин пайдабызга мындан дагы оң чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле. Эгер биз тез чечим кабыл албасак көптү жоготуп, убакытттан уттурмакпыз. Ошентсе да мындан 20 жыл мурда эле болчу окуя ушинтип быйыл ишке ашты. Бул - жалпы кыргызстандыктардын жеңиши. Бул иш мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү жолундагы ири жетишкендиктердин башаты болсун дейли. Мындан ары "Кумтөр" элибизге узак жылдар бою кызмат кылсын!",-деди Жапаров.

Өлкөнүн эгемендигине арналган негизги майрамдык иш-чаралар Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жатат.

Буга чейин, 29-августта оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) президент Садыр Жапаровдун Кумтөр жана анын алтыны тууралуу "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегин сынга алган.

Анда "Садыр Жапаров "экологиялык зыянды "Ормон опуза" кылып, абадан алып эле жазып койдук, аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикабыз дагы так эмес экен" деп айтты. Демек, 2012-жылы (Садыр Жапаров жетектеген), 2012-жылы (Темир Сариев жетектеген), 2021- жылы (Акылбек Жапаров жетектеген) мамлекеттик комиссиялар тактаган экономикалык, экологиялык зыяндар эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017-жылы оппозицияда жүргөндө "колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 млрд. доллар түзөт", бийлик бизге бербей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 млрд. доллардан ашат" деп билдирүү жасаган. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек?", - деп жазылган.

Аталган кыймыл ошондой эле Жапаровдун Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү тууралуу айткандарынан күмөн санаган. Кен тууралуу президенттин, өкмөт башчынын, Тенгиз Бөлтүрүктүн жана Улуттук банктын маалыматтары карама-каршы чыгып жатканы, коррупциялык жагдайлар белгиленген.

Мындан улам БДК бийликтен Кумтөргө байланыштуу түзүлгөн бардык келишимдерди, документтерди, аудиттин жыйынтыгын ачыкка чыгарууну талап кылган. Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийинки алгачкы жыйында Садыр Жапаровдон Кумтөргө байланыштуу отчет алышы керектигин жазган.

Оппозициялык кыймылдын сыны тууралуу Садыр Жапаров жана анын администрациясы азырынча үн ката элек.

Кумтөрдүн алтыны тууралуу "Азаттык" 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG