Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04

Садыр Жапаров: тарыхтын эчен сыноолоруна кабылдык


Быйыл негизги майрамдык иш-чаралар Чүйдөгү Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жатат.
Быйыл негизги майрамдык иш-чаралар Чүйдөгү Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жатат.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкөнүн эгемендик күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал мындан ары Кыргызстандын көз карандысыздык майрамы ар жылы ар башка аймакта чоң салтанат менен белгиленерин билдирди.

"Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда, бүгүнкүдөй чоң салтанаттын коштоосунда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт. Албетте, 3 миңден жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил. Узак тарыхыбызда кээде жылдызыбыз жанып, улуу каганат куруп көккө сермелдик. Кээде эркиндигибизди алдырып, чачырап кете жаздаган, азып-тозгон абалды башыбыздан кечирдик. Айтор, тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылдык",-деди президент.

Быйыл негизги майрамдык иш-чаралар Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жатат. Салтанат көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолууда.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

XS
SM
MD
LG