Москванын соту оппозициялык саясатчы Леонид Гозманды Сталинди Гитлерге теңегени үчүн административдик иштин алкагында 15 суткага камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматы жазды.
Полиция Гозманга Фейсбуктагы посту үчүн протокол түзгөн. Анда ал “нацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер абсолюттук балекет (абсолютное зло) болгонун, ал эми СС аскердик түзүмү кылмышкер экенин” жазган. Ошол эле маалда саясатчы “советтик диктатор Иосиф Сталин менен менен НКВД андан жаман болушканын” белгилеген.
2021-жылы Мамлекеттик Дума коммунисттерди нацисттерге теңөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алып, ага президент Владимир Путин кол койгон. Бул административдик берене боюнча эң чоң жаза 15 суткага чейин камакка алуу.
Адольф Гитлер 1933-1945-жылдары нацисттик Германияны башкарган диктатор, Экинчи дүйнөлүк согушту баштаган. Иосиф Сталин СССРди 1922-жылдан 1953-жылга чейин жетектеген, өлкөдө тоталитардык диктатура орноткон. Тарых жана саясат таануу боюнча изилдөөлөрдө гитлердик Германия менен сталиндик СССРдеги окшоштуктар келтирилип жүрөт.
Леонид Гозман Орусиянын бийлигин кескин сынга алган саясатчы. Соңку айларда ал Путиндин Украинага кол салуу чечимдерин айыптап жаткан. (ErN)
Дагы караңыз
МАГАТЭ жөнөткөн эксперттер тобу Киевге барды Темировдун соту: судьяга ишенбестик көрсөтүү арызы четке кагылды Секелекти зордуктоого шектүүлөргө сот өкүмү чыктыКамактагы активисттерди бошотууну талап кылган митинг өттү