Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:03

Секелекти зордуктоого шектүүлөргө сот өкүмү чыкты


Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, зордуктоого шектелген эки милиция кызматкери 15, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары ар бир айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сомдон төлөп берүүнү милдеттендирди.

"Биз жабырлануучунун ата-энеси менен кеңешип сүйлөшкөнбүз. Бүгүнкү чыккан өкүмгө нааразы эмеспиз. Бул биз сураган айыптоо беренелеринин санкцияларында көрсөтүлгөн максималдуу жаза", - деди жабырлануучу тараптын адвокаты Тимур Султанов.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон эки милиция кызматкерине 15 жыл, дагы бир айыпталуучуга 13 жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны максималдуу түрдө берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышы боюнча соттук жараяндар жабык өттү.


2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG