Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:23

МАГАТЭ жөнөткөн эксперттер тобу Киевге барды


МАГАТЭнин эксперттер тобу. Рафаэл Гросси жарыялаган сүрөт.
МАГАТЭнин эксперттер тобу. Рафаэл Гросси жарыялаган сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин эксперттер тобу Украинанын Киев шаарына жетти. Бул тууралуу СNN телеканалы кабарлады.

Алар андан ары Запорожье атомдук электр станциясын көргөнү (АЭС) барышат. Эксперттер Украинага 29-августта жөнөгөн. 13-14 адамдан турган топту МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси жетектеп жүрөт.

Украинанын президенттик кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Орусия эксперттер жүрө турган коридорду атайылап аткарып жатканын, ошондуктан алардын АЭСке качан барары белгисиз экенин маалымдады.

МАГАТЭнин сайтында агенттиктин миссиясы Запорожье АЭСинин объектилерине келтирилген зыянды баалап, негизги жана резервдик коопсуздук системалары иштеп-иштебей жатканын аныктайт. Ошондой эле кызматкерлердин иштөө шартын текшерип, атомдук электр станциясынын коопсуздугу боюнча чукул чараларды кабыл алат.

Мунун алдында The New York Times басылмасы топтун курамын изилдеп, негизинен "бейтарап позициядагы" өлкөлөрдөн келген эксперттерден турарын жазган. Ошол эле маалда Украина жакын туткан Польша менен Литвадан, Орусия жакын туткан Сербия менен Кытайдан да адистер кошулган. Бул топко Кошмо Штаттары менен Британиянын өкүлдөрү кирген эмес.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралды.

МАГАТЭнин адистери станцияда коопсуздук эрежелери бузулуп жатканын эскертип, аны текшерүү үчүн атайын топ жөнөтүүгө даяр экенин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG