Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Түргөн капчыгайы. Ысык-Көл облусу.

31-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20...25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 13…18 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 30…32 градуска жетет.

Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 23…25° болот.

Дагы караңыз

Литва Беларус менен чек арасына бийик дубал куруп бүттү Иракта өкмөттүк имараттарга чабуул учурунда 23 адам өлдүБерлин менен Париж орусиялыктарга виза берүүнү токтотууга каршы чыктыТекебаев азыркы абал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан жолу боюнча кыргыз тарапка мүмкүнчүлүк ачып жатканын айттыАсанбай паркын ижарага берүүгө байланыштуу нааразылык чыкты