Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

Текебаев азыркы абал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан жолу боюнча кыргыз тарапка мүмкүнчүлүк ачып жатканын айтты


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси, саясатчы Өмүрбек Текебаев Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо үчүн азыр кыргыз тарапка геосаясий жактан ыңгайлуу шарт түзүлүп турат деп эсептейт. Мындай пикирин ал 30-августта «Азаттыкка» курган маегинде билдирип, бул долбоор өлкө келечеги менен байланышта болгондуктан аны куруп бүткөнчө Кыргызстандын ичинде биримдик болуу зарыл экени белгиледи.

“Азыр кырдаал өзгөрдү, Орусия биздин өнөктөшүбүз болгону менен өзү азыр кыйын абалга туш келип турат. Бүгүн ал Кытайга, Кыргызстанга, Өзбекстанга ушул жол туура эмес курулуп жатат деп айтканга, атүгүл ишаарат кылганга да шайы жок. Мындайча айтканда, геосаясий кырдаал бизге мүмкүнчүлүк берип жатат. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, биз темир жолду өзүбүзгө пайдалуу багыт (маршрут) аркылуу, нугу өзүбүзгө ыңгайлуу болгондой курушубуз зарыл”, - деди саясатчы.

Текебаев Кыргызстан бүгүн эгемендигинин 31 жылдыгын белгилеп жатканы менен иш жүзүндө толук саясий эркиндикке ээ боло электигин, анткени экономикасы Орусия менен байланышта экенин айтып, соода-экономикалык байланыштарды Орусия, Казакстан менен эле чектебей, Кытай, Индия, Жакынкы Чыгыш, Европа өлкөлөрү менен да бекемдөө абзел экенин кошумчалады. Саясатчы белгилегендей, буга чейин темир жолдун курулушун Орусия ар кандай шылтоо айтып жактырбай келген, Кытай да анын көзүн карап турган.

Дээрлик 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан темир жолу боюнча чечим кабыл алынбай келет.

Негизги келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюлары айтылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG