Зеленский: Орусия Украина менен Европаны радиациялык апаатка кептеди

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) акыркы кырдаал боюнча комментарий берип, Орусия Украинаны жана Европа өлкөлөрүн радиациялык апаатка кептегенин билдирди. Бул тууралуу ал соңку видео кайрылуусунда айтып, Орусияны дагы бир жолу АЭСтен аскерлерин тезирээк чыгарып кетүүгө чакырды.

“Запорожье АЭСинин иши тарыхта биринчи жолу токтоду. Заводду электр энергия менен камсыздаш үчүн дизелдик генераторлор дароо ишке киргизилди. Бул кандай коркунуч экенин дүйнө түшүнүшү керек. Эгерде дизелдик генераторлор иштебесе, биздин кызматкерлер ыкчам чара көрбөсө, анда радиациянын кесепети менен күрөшүүгө аргасыз болмокпуз. Орусия Украинаны жана бардык европалыктарды радиациялык апаатка кептеп койду”, - деди Зеленский.

Ал Запорожье атомдук электр станциясына байланыштуу өзгөчө кырдаалды болтурбоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын, бирок бул Украинадан гана көз каранды эмес экенин кошумчалады. Владимир Зеленский ушундан улам Орусияны АЭСтен аскерлерин алып чыгып кетүүгө мажбур кылуу керектигин айтты.

Украинанын “Энергоатом” компаниясы 25-августта Орусиянын аскерлеринин аракетинен улам Запорожье атомдук электр станциясында тарыхта биринчи жолу электр жарыгы толугу менен өчүрүлгөнүн билдирген. Кошумча генераторлор ишке киргизилип абал турукташкан.

Украин бийлиги, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияны АЭСтен аскерлерин алып чыгып кетүүгө чакырып жатышат.

Запорожье атомдук электр станциясы орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны Украинанын кызматкерлери иштетет. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткылоого кабылып, кырсык болот деген коркунуч жаралды. Аткылоо үчүн Украина менен Орусия бири-бирин айыптап жатат.

Дагы караңыз

Бекназаров Июнь окуясы боюнча сотто сурак берип чыкканын билдирдиЕАЭБ: Евразиялык камсыздандыруу компаниясын түзүү маселеси талкууландыДача СУда кырсык болгон жерден ок-дарылар жыйналып алынганы айтылдыЛатвияда советтик жоокерлердин эстелиги толугу менен алындыДача СУ: комиссия экс-премьер Абылгазиевдин маалыматын угатАкылбек Жапаров: ЕАЭБде улуттук валютаны көбөйтүү экономиканын туруктуулугун камсыздайт