Орусияда укук коргоочу Игорь Каляпинге кол салуу болду

Игорь Каляпин.

“Кыйноолордун алдын алуу комитетинин” негиздөөчүсү жана Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Игорь Каляпинге кол салуу болду. Бул тууралуу адам укуктары боюнча кеңеш Телеграм- каналына маалымат чыгарып, Каляпин ооруканага түшкөнүн жазды.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 24-августтун кечинде болгон. Кол салган адам өзүн Нижний Новгород шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкеримин деп тааныштырган. Укук коргоочунун үйүндө сүйлөшүү учурунда ал айнекти сындырып, Каляпиндин бетин тилип жиберген. Игорь Каляпин качып кетүүгө үлгүрүп, полиция чакырган. “Московский комсомолец” басылмасы шектүү кармалганын билдирди.

Игорь Каляпин ооруканада жатат. Дарыгерлердин айтымында, анын баш мээси чайкалган. “Кыйноолордун алдын алуу комитети” Орусияда чет элдик агенттердин тизмесине киргизилген. Ушундан кийин уюм өзүн-өзү жоюу тууралуу жарыялаган. Кийинчерээк алар ишин “Кыйноолорго каршы команда” катары уланта турганын билдирген.

Игорь Каляпинге 2016-жылы да кол салуу болгон. Анда Ингушетия менен Чеченстандын чек арасында “Кыйноолордун алдын алуу комитетинин” укук коргоочулары менен орус жана чет элдик журналисттерден куралган топко кол салуу катталган. Белгисиз адамдар алар түшкөн кичи автобусту өрттөп, өздөрүн уруп-сабагандан кийин из жашырып кеткен.

Дагы караңыз

Кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жол картасы иштелип чыгатКыргызстанга Азербайжан жана Армениянын премьер-министрлери келиштиАлбанияда тыңчылыкка айыпталган Орусия жана Украина жарандары камакта калтырылдыБеларус Бакиевди экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тарттыЧаплинодо Орусиянын ракеталык соккусунан набыт кеткендер 25ге жеттиКумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилди