Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:40

Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилди


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасын сырттан башкарууну тартибин жокко чыгарган буйрукка кол койду.

Бул тууралуу "аталган компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Документте "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги жана анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк эки апта ичинде эки жылда жасалган иштер тууралуу отчет бериши керектиги белгиленген.

23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүү баштаганын 24-августта "Азаттыкка" ырастаган.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген.

Ошол эле кезде Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG