Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:16

Кыргызстанга Азербайжан жана Армениянын премьер-министрлери келишти


Азербайжандын премьер-министри Али Асадов.
Азербайжандын премьер-министри Али Асадов.

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов жана Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Аларды "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы актуалдуу маселелер каралып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болору күтүлүүдө. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Евразия экономикалык комиссиянын сайтындагы маалыматка караганда, кеңештин жыйынына уюмга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Биримдикке мүчө болгону менен кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдө көйгөй жаралып келүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG