Кыргызстанга Азербайжан жана Армениянын премьер-министрлери келишти

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов.

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов жана Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Аларды "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы актуалдуу маселелер каралып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болору күтүлүүдө. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Евразия экономикалык комиссиянын сайтындагы маалыматка караганда, кеңештин жыйынына уюмга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Биримдикке мүчө болгону менен кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдө көйгөй жаралып келүүдө. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталатАлбанияда тыңчылыкка айыпталган Орусия жана Украина жарандары камакта калтырылдыБеларус Бакиевди экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тарттыЧаплинодо Орусиянын ракеталык соккусунан набыт кеткендер 25ге жеттиКумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилди