Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:33

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелери үчүн 2022-2023-окуу жылынын базалык пландарын бекитти. Ага ылайык, быйыл сабактар 1-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Сабактын узактыгы 1-класста - 40 минутаны, 2-11-класстарда - 45 минутаны түзөт. 1-2-класстарда окуучулардын ийгилигин баалоо белгисин койбостон сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.

Бардык предметтер боюнча үй тапшырмалардын көлөмү аны аткарууга 2-3-класстарда - 1,5 саат, 4-5-класстарда - 2 саат, 6-8-класстарда – 2,5 саат, 9-11-класстарда – 3,5 саатка чейин болушу керек.

Муну менен катар министрлик каникулдардын графигин дагы бекитти.

  • күзгү – 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрга чейин;
  • кышкы - 2022-жылдын 30-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин;
  • жазгы - 2023-жылдын 20-29-марты.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү III чейректе кошумча бир аптага узартылат.

Окуу процесси жүрүп жаткан кезде окуучуларды айыл-чарба иштерине тартууга тыюу салынат.

2021-2022-окуу жылы пандемияга байланыштуу 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Бул чечим коомчулукта бир катар сын-пикирлерди жараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG