Албанияда тыңчылыкка айыпталган Орусия жана Украина жарандары камакта калтырылды

Михаил Зорин (солдо), Светлана Тимофеева (солдон төртүнчү) жана украиналык Федор Алпатов (оңдо).

Албанияда аскердик заводдун аймагында 21-августта кармалган эки орусиялык жана бир украиналык жаран тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Бул тууралуу “Медиазона” басылмасы жазды. Алар тыңчылыкка айыпталууда. Шектүүлөр өздөрүн фотоблогер деп тааныштырып, арт-долбоорго сүрөткө түшүү үчүн заводго кирип кеткени кабарланган. Кармалгандардын арасында орусиялык белгилүү саякатчы жана фотоблогер Светлана Тимофеева (Лана Сатор) да бар.

Дагы бир орусиялык 24 жаштагы Михаил Зорин да фотограф жана өзүнүн блогу үчүн адаттан тыш жана тыюу салынган жерлерди сүрөткө тартып келет. Украинанын 25 жаштагы жараны Федор Алпатовдун да жакындары анын тыңчылыкка тиешеси жок экенин айтышкан.

“Медиазона” Михаил Зориндин атасы менен байланышканда, ал уулу активдүү жарандык позицияны карманып, Орусиядагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоп келгенин айтып берген. Анын сөзүнө караганда, Михаил Зорин Чехияда окуйт жана дүйнө кыдырып фотоблог жүргүзөт.

Үчөө Албаниянын Грамш шаарындагы аскердик заводду сүрөткө тартуу үчүн ал жерге кирүүгө аракет кылганда кармалган. Кармоо учурунда алардын бири каршылык көрсөтүп, заводду кайтарган аскерлердин бирине көздөн жаш чыгаруучу газ чачып жиберген.

22-августта Орусиянын Тиранадагы элчилиги дипломатиялык нота жиберип, орусиялык жарандардын кармалышынын жагдайын тактоону талап кылган. Албан бийлиги азырынча жооп бере элек.

Дагы караңыз

Чаплинодо Орусиянын ракеталык соккусунан набыт кеткендер 25ге жеттиБеларус Бакиевди экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тарттыКумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилдиЧолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Келечек" I Жаштар форуму өтүп жататЫсык-Көлдө балык уулоочу торлор жок кылындыБишкек - Ош жолундагы жол кырсыгынан эки өспүрүм каза болдуКара-Балтада курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыктыАКШ Украинанын аймактарында жасалма референдумдар болорун эскерттиДСУ: Украинада согуш башталгандан бери медициналык мекемелер 437 жолу чабуулга учурады