Өзгөндө террордук уюмдун активдүү мүчөсү деген эки адам кармалды

Кылмышка шектүүлөр Өзгөн шаарынын тургундары экени аныкталды.

Ош облусунда Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн террордук уюмдун активдүү эки мүчөсү кармалганын 24-августта “Азаттык” радиосуна Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектүүлөр 22-августта Өзгөн шаарында кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, алар Өзгөн шаарынын 23 жана 26 жаштагы тургундары экени аныкталды. Экөө тең Сириядагы куралдуу кагылышка катышып жаткан “Таухид вал Жихад” террордук уюму менен тыгыз байланышта болгон жана ал жактан берилген тапшырмаларды аткарууга аракет кылып жүрүшкөн.

Учурда кармалгандар боюнча ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратура буга чейин билдиргендей, 2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин козгогон. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган. 110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлүп, 41 адам кесилген.

Сириядагы 2011-жылы башталган жергиликтүү каршылык көп тараптуу жана көп деңгээлдүү жарандык согушка айланып кеткен. Андагы тараптарды колдогон ондогон өлкөлөр конфликтке аралашып, согуш ушул күнгө чейин созулуп келет. (AAb)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров кызматтык батир мугалим-дарыгерлерге эмес, УКМКга берилип жаткан себебин айтты Украина: кан күйгөн согушка жарым жылКолдошев музыкалык окуу жайдагы кылмыш иши жөнүндө түшүндүрдүОрусиядан чыгып кеткендерди колдогону үчүн "Сплин" тобунун концерти болбой калышы мүмкүн