Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Орусиядан чыгып кеткендерди колдогону үчүн "Сплин" тобунун концерти болбой калышы мүмкүн


Splin
Splin

"Сплин" рок-тобунун 26-августка белгиленген Москвадагы концерти болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу топтун фронтмени Александр Васильев "Коммерсантъ" басылмасына билдирди. Бул тууралуу музыкант Орусиянын таштап кетүүгө аргасыз болгон кесиптештерин колдоп сүйлөп чыккандан кийин белгилүү болгон.

Васильев 20-августта Воронеждеги фестивалда "Выхода нет" аттуу ырын өлкөдөн чыгып кетүүгө туура келген "Аквариум", "Машина времени", Tequilajazzz топторунун музыканттарына арнаган. Ошондон кийин көрүүчүлөрдүн бир бөлүгү концерттен кетип калышканын шаардын 36on порталы күбөлөргө шилтеме кылып кабарлады. Ал эми "Сплиндин" ыры фестивалдын социалдык тармактагы баракчасынан алып салынган.


Концерттин уюштуруучусу, жергиликтүү ишкер Евгений Хамин Телеграм- каналына фестиваль өткөрүүгө каражатты Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев бергенин жазды. Ал бардык артисттер тандалып алынганын жана алар саясатка аралашпай турганын буга чейин билдирген. "Азыр абалды курчутуунун кажети жок. Абал ансыз дагы курч", - деген Хамин.

"Сплиндин" концерти 26-августта "ВЭБ Арена" стадионунда өтмөк. Фестивалдын сайтында "Сплиндин" концертинин болбой калганы тууралуу маалымат жок.

XS
SM
MD
LG